Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-сентябрда президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жаңы заманбап автобекеттин курулуш иштеринин жүрүшү жана объекттин даярдыгы менен таанышты.
Учурда объекттеги курулуш иштеринин 95%ы аткарылды. Ички жасалгалоо иштери толук көлөмдө аяктады. Асфальт төшөө жана инфраструктураны көрктөндүрүү иштери гана калды.
Жаңы автобекетте жарандар үчүн бардык зарыл болгон ыңгайлуу шарттар каралган. Анын аймагында соода түйүндөрү, аялдамалар, унаа токтотуучу жайлар уюштурулат.
Объекттин жалпы аянты 30 миң чарчы метр болсо, ал эми автобекет салынган жер тилкесинин жалпы аянты 16 гектарды түзөт.

