Бишкек шаарында V Элдик курултай ушул жылдын 18-декабрында өтөт. Тиешелүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.
Жарлыкка ылайык, Элдик курултайга 700 делегат шайланып келет. Документ менен делегаттардын квоталарын бөлүштүрүү, уюштуруу комитетинин курамы жана анын иши боюнча убактылуу жобо бекитилди. Делегаттарды шайлоо тартиби IV Элдик курултайдын Улуттук кеңеши тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген жобонун негизинде аныкталат.
Уюштуруу комитетине делегаттарды шайлоону координациялоо, керектүү чечимдерди кабыл алуу жана курултайды өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. Бул иштерге мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана эксперттер тартылат.
Шайлоону уюштурууга Элдик курултайдын катчылыгы, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бир катар министрликтер тартылат. Ошондой эле Ички иштер министрлигине жер-жерлерде делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу тапшырылды.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

