VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы акыркы жылдары Кыргызстанда ишке ашырылган эң масштабдуу маданий программалардын бири болду. Оюндардын алкагында 600дөн ашык маданий иш-чара — концерттер, эл аралык фестивалдар, театрлаштырылган программалар, көргөзмөлөр, мастер-класстар, айтыштар, сынактар, улуттук каада-салттар, этномузыкалык долбоорлор, салттуу кийимдердин, улуттук ашкананын жана элдик өнөрдүн көрсөтүүлөрү каралган.

Негизги маданий аянтчалар: Кырчын жайлоосу, Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык борбору, «Дордой Номад» амфитеатры, Чолпон-Ата шаарынын ат майданы жана Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору.
Маданий программанын башкы максаты — көчмөндөр маданиятын жандуу мурас катары көрсөтүү, салттарды сактоо, аларды заманбап дүйнөгө таанытуу жана маданий туризм менен креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
1. КЫРЧЫН — «КӨЧМӨНДӨР ААЛАМЫ»
Оюндардын негизги маданий аянтчаларынын бири Кырчын жайлоосу болду. «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасында улуттук ордолор, кол өнөрчүлүк, музыка, бий, улуттук ашкана, каада-салттар, кыргыз боз үйлөрү жана маданий мурастын башка багыттары көрсөтүлдү.
Өзгөчө орунду 13 республикалык кароо-сынак ээледи. Аларга Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан, ошондой эле коомдук уюмдардан жалпы 1331 адам катышты.
Негизги сынактардын жыйынтыктары:
* «Көчмөн кайрык»: Гран-при — Чүй облусунун квартети; I орун — Ысык-Көл облусунун «Кут» үй-бүлөлүк фольклордук тобу.
* «Бий ыргак»: I орун — «Тактеке», Саламат Мукамбетов, Ысык-Көл облусу.
* «Уз-уста»: темир устачылык жана зергерчилик боюнча Гран-при — Ырысбек Мамбетакунов; жыгач иштетүү боюнча — Нурадин Абдразаков; саймачылык боюнча — Саидрахман Шарипов; тери иштетүү боюнча — Кадырбек Мусаев.
* «Саркеч»: Гран-при — Нуржамал Асангулова, «Кийиз-Дүйнө».
* «Улуттук каада-салттар»: Гран-при — Ош шаары.
* «Көчмөн даамы»: Гран-при — Ысык-Көл облусу.
* «Мыкты кыргыз боз үйү»: Гран-при — Ысык-Көл облусу.
Кыргыз-казак эл аралык айтышы
2–4-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосунда кыргыз жана казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өттү. Бир сахнада эки боордош элдин төкмөлүк өнөрүнүн өкүлдөрү жолугушту. Айтыш маданий программанын маанилүү бөлүгү болуп, төкмө акындык өнөр бүгүн да жашап, өнүгүп жатканын дагы бир жолу көрсөттү.

2. «БИРИМДИК КЕРБЕНИ» УЛУТТУК МАДАНИЙ ДОЛБООРУ
Долбоор Кыргызстандын 40 районун бирдиктүү маданий идеянын айланасына бириктирди. Ага 1200 адам тартылып, кербендин негизин 150 атчан түздү. Алар 40 күн бою ат үстүндө өлкө аймактарын аралап өтүштү.
Жолдо катышуучулар өз райондорунун тарыхын жана маданиятын, кол өнөрчүлүгүн, улуттук кийимдерин, каада-салттарын, фольклорун жана чыгармачылык мурасын тааныштырышты. Аялдамаларда маданий иш-чаралар, улуттук оюндар, жолугушуулар жана салттуу өнөрдүн көрсөтүүлөрү уюштурулду.
Долбоордун башкы символу — Кыргызстандын 40 районундагы ыйык булактардан алынган суу. Ал биримдиктин символу катары Оюндардын жети аянтчасына жеткирилди.
Экинчи негизги идея — «Кырк уук — бир түндүк», башкача айтканда, өлкөнүн бир түндүктүн алдында биригүүсүнүн символу.
40 район — бир кербен. 1200 катышуучу — бир максат. 150 атчан — 40 күндүк жол. Бир Кыргызстан — биримдик.
3. АЯНТЧАЛАРДЫН ТЕХНИКАЛЫК ЖАБДЫЛЫШЫ
Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору профессионалдык үн жана жарык жабдуулары, чатыр конструкциялары жана скульптуралардын декоративдик жарыктандыруусу менен камсыздалды.
«Рух Ордодо» 7 локация техникалык жактан жабдылды. Негизги аянтчага 250 м² LED-экран, концерттик залга 60 м² экран орнотулду.
Чолпон-Ата ат майданындагы башкы сахнанын узундугу 200 метрге жакын, сахналык мейкиндиктин аянты 1000 м²ге жакын болду. Жалпысынан 1300 м²ге жакын LED-экрандар колдонулду. Негизги экрандын өлчөмү — 47 × 16 метр, сахналык конструкциянын бийиктиги — 20 метрге чейин. Программага фонтандар, лазердик жана голографиялык эффекттер, сууга түшүрүлгөн проекциялар жана 500дөн ашык жарык берүүчү жабдуу интеграцияланды.
Көк бөрү жана көк пар аянтчасына 9500 орундуу жыйналма трибуналар, үн жана жарык жабдуулары орнотулду.
«Дордой Номаддын» негизги сахнасында 150 м² LED-экран жана 200гө жакын жарык берүүчү жабдуу, амфитеатрда 80–100 м² экран жана 60ка жакын жарык берүүчү жабдуу колдонулду. Кырчын жайлоосунда 130га жакын жарык берүүчү жабдуу иштеди.
4. ART LAB ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЛАБОРАТОРИЯСЫ
Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда алты күндүк Art Lab чыгармачылык лабораториясы өттү.
Программа скульптуралар аллеясынын ачылышын, «Улуу тоолор баяны» сынагын, таштан жана кумдан скульптураларды жаратууну, сүрөтчүлөрдүн чыгармачылык иштерин, графика жана керамика боюнча мастер-класстарды камтыды.
Art Lab көчмөндөр цивилизациясынын мурасын заманбап көркөм өнөр аркылуу жаңыча чечмелеген аянтча болуп, Көчмөндөр цивилизациясы борборунун туруктуу маданий мейкиндик катары маанисин арттырды.
5. «КӨЧМӨНДӨР ЖАҢЫРЫГЫ» ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛЫ
1–4-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарынын ат майданында «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этно-ыр фестивалы өттү.
Фестивалга 4 континенттен 20 мамлекеттин өкүлдөрү катышып, 21 конкурсант 42 чыгармачылык номерди тартуулады.
* Гран-при — Нурдоолот Деркембаев, Кыргызстан.
* I орун — Васил Ангелов, Түндүк Македония.
* II орун — Жасмин Тлеумбетова, Казакстан.
* III орун — Thami Mbatha, Түштүк Африка.
* III орун — Ngo Chau Anh, Вьетнам.
* Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүк сыйлыгы — Odmandakh Bayaraa, Монголия.
6. «КӨЧМӨНДӨР САНАТЫ» ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛЫ
«Рух Ордодо» өткөн «Көчмөндөр санаты» салттуу музыка фестивалы төрт күнгө созулуп, 38 мамлекеттин өкүлдөрүн бириктирди.
Сынак үч багытта өттү: айтуучулук, аспаптык жана вокалдык-аспаптык өнөр.
* Айтуучулук өнөр: Гран-при — Нуржан Түмөнбаева, Кыргызстан. Багыттын байге фонду — 850 000 сом.
* Аспаптык өнөр: Гран-при — Мехри Асадуллаева, Азербайжан. Байге фонду — 1 000 000 сом.
* Вокалдык-аспаптык өнөр: Гран-при — Дамдын Далай, Тыва Республикасы (Россия). Байге фонду — 1 000 000 сом.
Фестивалдын жалпы байге фонду 2 850 000 сомду түздү.
7. NOMAD FEST
«Дордой Номад» амфитеатрында музыка, элдик бий, кол өнөрчүлүк жана этномоданы бириктирген NOMAD FEST эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалы өттү.
Этно-бий
* Гран-при — Анвара Садыкова, Казакстан.
* I орун — Саади Иманкулов, Кыргызстан.
* II орун — Айше Албайрак, Түркия.
* III орун — Иван Иванов, Болгария.
Кол өнөрчүлөр
* Гран-при — Бик Тье, Австралия, зергерчилик.
* I орун — Фариза Шейшеева, Кыргызстан, кийиз өнөрү.
* II орун — Жакшылык Чентемиров, Кыргызстан, зергерчилик.
* III орун — Жыргал Бактиев, Кыргызстан, керамика.
«Көчмөн жылдыздары»
Гран-прини Аяна Бекенова (Кыргызстан) жана Тулкин Таджиев (Өзбекстан) жеңип алышты. Байгелүү орундарга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Монголия, Түркия, АКШ жана Швециянын өкүлдөрү ээ болушту.
«Урбан Номад» эл аралык сынагы
* Гран-при — Озодбек Дадабаев, «Алп Кара-Куш» коллекциясы, Кыргызстан.
* I орун — Аспандияр Жаныбеков, «Көрк» коллекциясы, Кыргызстан.
* II орун — Акейла Нарая, «Батыш Яванын маданияты», Индонезия.
* III орун — Фируза Якубова, «Шамалдын мурасы», Өзбекстан.
8. ЫКТЫЯРЧЫЛАР
Оюндарды уюштурууга 700 ыктыярчы катышты: алардын 658и Кыргызстандан, 42си чет өлкөлөрдөн келди. Ыктыярчылар программасына 9000ден ашык арыз түшкөн.
Ыктыярчылардын 90%га жакыны англис тилин билет. Мындан тышкары, алардын арасында 10дон ашык башка чет тилдерди билгендер бар.
Ыктыярчылар негизги аянтчаларда иштеп, конокторду жана делегацияларды коштоп, навигациялык, маалыматтык жана уюштуруучулук иштерге көмөк көрсөтүштү.
9. ЖМК ЖАНА МААЛЫМАТТЫК ЧАГЫЛДЫРУУ
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн жергиликтүү ЖМКлардын 2000ге жакын өкүлү аккредитациядан өттү. Чет өлкөлөрдөн 250гө жакын журналист келди.
Эл аралык медиалардын арасында BBC, Euronews, Agence France-Presse, TRT AVAZ, I.R.I.B NEWS, The New York Times, CNN International, National Geographic, Associated Press жана The Economist бар.
Оюндардын ачылыш аземине 300гө жакын блогер келсе, жабылыш аземине 180ден ашык блогердин катышуусу күтүлүүдө.
Бул Оюндардын салттуу жалпыга маалымдоо каражаттарында да, санариптик платформаларда да кеңири чагылдырылышына шарт түздү.
10. БЕЛГИЛҮҮ ЭЛ АРАЛЫК КОНОКТОР ЖАНА КАТЫШУУЧУЛАР
Маданий программанын белгилүү эл аралык конокторунун жана катышуучуларынын арасында Лео Рохас, AY YOLA тобу, Роза Зергерли, MORIOX KIDS балдар бий тобу, Валентина Шевченко, Дмитрий Бивол, Бай Лин, Дон «Дракон» Уилсон, Наталья Аринбасарова, Збигнев Жмудский, Эркен Ялгашев, Коен Мадрид жана дүйнөлүк маданияттын, кинонун жана спорттун башка өкүлдөрү болду.
Алардын катышуусу Оюндардын эл аралык аудиториясын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын маданиятын, туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытууга өбөлгө түздү.
11. КӨК БӨРҮ ЖАНА КӨК ПАР БОЮНЧА ФИНАЛДЫК ОЮНДАРГА САТЫЛГАН БИЛЕТТЕРДИН КАРАЖАТЫ КАЙТАРЫЛАТ
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Уюштуруу комитети көк бөрү жана көк пар боюнча финалдык оюндарга билет сатып алып, бирок мелдешке кире албай калган, ошондой эле аймакка киргени менен көрүүчүлөрдүн көптүгүнө байланыштуу каралган орундарга отура албай калган көрүүчүлөргө билеттин толук баасы — 1000 сом кайтарылып берилерин маалымдайт.
Коопсуздукту камсыз кылуу чараларына, аймактын айрым бөлүктөрүнүн тосулушуна жана кире бериштерде адамдардын көп топтолушуна байланыштуу билети бар көрүүчүлөрдүн бир бөлүгү финалдык оюндарга кире албай же каралган орундарга отура албай калган.
Уюштуруу комитети жаралган ыңгайсыздыктар үчүн көрүүчүлөрдөн чын дилинен кечирим сурайт.
Каражатты кайтарып алуу үчүн билеттин төлөнгөндүгүн тастыктаган чекти же квитанцияны төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү зарыл:
nebs@minculture.gov.kg
Маанилүү маалымат: Улуттук электрондук билет системасы валидациялык жабдуулардын жардамы менен иш-чарага кирүү учурунда билеттердин колдонулушу тууралуу маалыматты каттайт. Келип түшкөн бардык кайрылуулар системадагы маалыматтардын негизинде текшерилет.
Каражат келип түшкөн кайрылуулар жана Улуттук электрондук билет системасындагы маалыматтар текшерилгенден кийин кайтарылат.
Түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз жана жаралган ыңгайсыздыктар үчүн дагы бир жолу кечирим сурайбыз.
БАШКЫ ЖЫЙЫНТЫК
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кыргыз маданияты — тарыхта гана калган мурас эмес, бүгүнкү күндө жашап, өнүгүп жаткан маданият экенин дүйнөгө көрсөттү.
Комуз заманбап музыка менен үндөшө алат, улуттук оймо заманбап дизайндын бөлүгүнө айлана алат, ал эми салттуу кол өнөрчүлүк креативдүү экономиканын маанилүү багыты боло алат.
Оюндардын негизги жыйынтыгы — Кыргызстанды эл аралык деңгээлде таанытуу, өлкөгө болгон кызыгууну арттыруу, өнөрпоздор, кол өнөрчүлөр жана креативдүү индустрия өкүлдөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, ошондой эле маданий мурасты сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары иш-чара катары жыйынтыкталат, бирок алар жараткан Кыргызстанга болгон кызыгуу мындан ары да өсүшү керек.

