6-сентябрга карата аба ырайы


Ишемби күнү республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +25…+30, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында +27…+32, Талас чөлкөмүндө +24…+29, Ысык-Көл регионунда +19…+24, Нарын өрөөнүндө +20…+25 градус ысык болот.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +27…+29, Ошто +29…+31, ал эми Чолпон-Атада +20…+22 градуска көтөрүлөт.