Бүгүн өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 28…33, Талас облусунда 26…31, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 31…36, Ысык-Көл чөлкөмүндө 20…22, Нарын өрөөнүндө 23…25 градусту көрсөтөт.
Абанын табы Бишкекте 31…33, Ош шаарында 34…36 градусту түзөт.

