Садыр Жапаров мөңгүлөрдү жана Ысык-Көлдү коргоо боюнча фонд түзүүнү тапшырды


Фонд эл аралык уюмдардан, чет мамлекеттерден, климаттык фонддордон жана донорлордон каражат тартат. Ал сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө, мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүүгө, климаттык тобокелдиктерди азайтууга жана Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоого багытталган долбоорлорду каржылайт.

Минкаб 1-октябрга чейин фонддун иштөө тартибин, башкаруу системасын, каржылоо булактарын жана аудит жүргүзүү талаптарын иштеп чыгышы керек.