Курулуш министринин жаңы орун басары дайындалды


Медетканов Жыргалбек Баатырбекович курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары болуп дайындалды.

Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Жыргалбек Медетканов буга чейин министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору кызматын аркалап келген.