Жогорку Кеңештин депутаттары Малик Бектургановдун талапкерлигин башкы прокурорлук кызматка бир добуштан колдоп берди.
Парламенттин жалпы жыйынында депутаттар президент тарабынан сунушталган талапкерди карап чыгып, аны колдоо боюнча токтом кабыл алышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында жыйынга катышкан эл өкүлдөрүнүн баары макулдугун билдиришти.
Малик Бектурганов буга чейин Башкы прокуратурада жетекчинин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ал көзөмөл органында көп жылдан бери эмгектенип, тажрыйба топтогон.
Мыйзамга ылайык, парламенттин макулдугунан кийин башкы прокурорду расмий кызматка дайындоо жөнүндө тиешелүү жарлыкка өлкө президенти кол коет.

