Сокулукта өспүрүм кыз сабалганы айтылып, милиция текшере баштады


Чүй облустук милициясы Сокулукта жашы жете элек кыз ур-токмокко алынды деген маалымат текшерилип жатканын кабарлады.

Милиция бул фактыны каттап, окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында тиешелүү экспертизаларды дайындады. Тергөөгө зарыл болгон ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өспүрүмгө ким зомбулук көрсөткөнү жана кыздын абалы туурасында маалымат айтылган эмес.