Нарында кечээ кечинде эки жолу жер титиреди


Сейсмология институту билдиргендей, 9-сентябрь күнү кечинде саат 22:37де Жаңы-Талап айылынан түндүк-батышка карай 11 чакырым, Баетов айылынан батышка карай 31 чакырым аралыкта катталган. Көк-Жар, Жаңы-Талап жана Ак-Кыя айылдарында силкинүү 2 баллга жеткен.

Ал эми саат 23:03тө Жаңы-Талап айылынан түндүк-батышка карай 12 чакырым, Баетов айылынан батышка карай 31 чакырым аралыкта болгон. Көк-Жар, Жаңы-Талап жана Ак-Кыя айылдарында силкинүү 3 балл, ал эми Үгүт, Ак-Тал, Кадыралы, Сары-Иймек, Кара-Ой жана Байгенчек айылдарында 2,5 баллга жеткен.