Түркияда кармалган Эрмек Сабыржанов сот залынан бошотулду


9-сентябрда Түркияда кармалган Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржановго козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү өтүп, ал сот залынан бошотулду. Сот Измир шаарында өттү жана ага мекенине кайтууга уруксат берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” жубайы Аделина Касымова билдирип, жолдошу 1-2 күндө Кыргызстанга кайтарын кошумчалады.

Сот Сабыржановго карата кандай чечим чыгарганы азырынча белгисиз.

Эрмек Сабыржанов диниятчы Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалганы быйыл 4-июнда белгилүү болгон.