Министрлер кабинети чет өлкөлүктөрдү каттоонун жаңы тартибин жана 92 мамлекеттин жарандары үчүн каттоосуз жүрүү мөөнөттөрүн бекитти. Каттоону ЕСУВМ аркылуу офлайн, онлайн же мобилдик тиркемеден жүргүзүүгө болот. Турак жайда жакын туугандарды кошпогондо, бир адамга кеминде 12 чарчы метр эсеп менен 10го чейин чет өлкөлүктү каттоого уруксат берилет.
Тизмедеги өлкөлөрдүн көбүнүн жарандары 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алат. Айрым мамлекеттер үчүн мөөнөт 8 күндөн 90 күнгө чейин белгиленген. Эгер адамда бир нече жарандык болсо, ал Кыргызстанга кайсы чет өлкөлүк паспорт менен кирсе, ошол документ боюнча гана катталат.

