Кыргыз улуттук «Манас» театры социалдык тармактарда Нурчолпондун «Land of Manas» ырынын талкууланышы боюнча комментарий берди.
Театрдан «Манасты» заманбап форматтарда — музыкада, кинодо, театрда, балетте, хореографияда жана искусствонун башка багыттарында көрсөтүүгө болорун кабарлашты. Бул эпос менен жаш муунду жана чет өлкөлүк аудиторияны тааныштырууга жардам берет.
Ошону менен бирге чыгармачылык эркиндик кесиптик жоопкерчилик менен коштолушу керек. Аткаруунун жаңы формасы эпостун мазмунун, анын рухун, улуттук баалуулуктарын жана тарыхый негизин өзгөртпөөгө тийиш.
«Аткарууда колдонулган сөздөр, музыкалык чечимдер, образ, сахналык көрүнүш жана кийим-кече да Манастын улуулугуна, кыргыз элинин салт-санаасына жана улуттук баалуулуктарына шайкеш келиши маанилүү. Коомчулук тарабынан айтылып жаткан сын-пикирлердин бир бөлүгү да Нурчолпондун Манасты аткарууда тандаган кийиминин эпостун рухуна жана улуттук баалуулуктардын табиятына канчалык ылайык келгенине байланыштуу болуп жатканын белгилей кетүү зарыл.
Бул пикирди кимдир бирөөнү жеке айыптоо же чыгармачылык эркиндикти чектөө катары түшүнбөө керек. Тескерисинче, улуу Манаска кайрылган ар бир чыгармачыл адамдын жоопкерчилигин эске салган коомдук пикир катары кабыл алуу туура.
Нурчолпондун чыгармачылык аракетин да ушул өңүттөн кароо зарыл. Биз анын демилгесин же чыгармачылык аракетин толугу менен жокко чыгарууну көздөбөйбүз. Бирок «Манас» темасына кайрылган ар бир чыгарма тиешелүү адистер — манасчылар, манастаануучулар, филологдор, тарыхчылар, композиторлор, музыка ишмерлери, этнографтар жана маданият тармагынын өкүлдөрү менен кеңешилип, такталып турса, мындан да сапаттуу жана коомчулуктун көңүлүнө толгон чыгарма жаралмак.
Улуу мураска жасалган мамиле ар дайым аяр жана жоопкерчиликтүү болушу керек.
Ушуга байланыштуу, коомчулукта жаралган талкууну эске алуу менен Нурчолпондун аталган аткаруусун тиешелүү платформалардан алып салуу жана келечекте «Манас» эпосуна байланышкан чыгармачылык иштерди адистер менен кеңешип даярдоо туура кадам болот деп эсептейбиз», — деп жазылат билдирүүдө.

