Окуу жылы мындан ары дайыма 15-сентябрда башталабы? Министрдин жообу


 Кыргызстандын министрлер кабинети жаңы окуу жылын мындан ары дайыма 15-сентябрда баштоону талкуулаган жыйын өткөрөт. Бул туурасында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева УТРКда айтты.
Ал балдар мал карап же туризм тармагында иштеп калып, сабакты калтырып койгон учурларга токтолду. Окуучунун ден соолугуна жана билим берүүгө зыянын тийгизбей турган система керектигин кошумчалаган.
«Дүйнөдө окуу жылы 15-сентябрда башталган практика жок. Бул — ыңгайлуу график. Маселен, климатка байланыштуу каникул узарып да калат. Мындан трагедия кылып кереги жок», — деген Кендирбаева.