Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2026-жылдын 9-сентябрында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролго (көзөмөлгө) алынууга тийиш болгон карантинге алынуучу продукциялардын тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Буга байланыштуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Сырткы карантин бөлүмүнүн башкы адиси Райла Кабылова менен кыскача маектештик.
- Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши кабыл алган чечимин кеңири түшүндүрүп берсеңиз?
- Кабыл алынган чечимге ылайык, эл аралык стандартка ылайык зарыл болгон фитосанитардык иштетүүдөн өткөрүлгөндүгүн ырастаган эл аралык маркировкасы болгон учурда жыгачтан жасалган таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарды фитосанитардык сертификат менен милдеттүү коштоп жүрүү талабынан бошотуу каралган.
Буга чейин жыгачтан жасалган таңгактоочу материалда белгиленген эл аралык маркировка болгон күндө да, фитосанитардык сертификатты кошумча тариздөө талап кылынган. Бул жүктөрдү ташып өтүүдө ырастоочу документтердин жана тиешелүү жол-жоболордун кайталанышына алып келген.
- Жаңы кабыл алынган чечимде кандай артыкчылыктар бар?
- Жаңы тартипти киргизүү зарыл болгон документтердин санын кыскартууга, тариздөө убактысын азайтууга жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда жүктөрдү ташып өтүүнү жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет. Бул тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары үчүн өзгөчө маанилүү.
Муну менен бирге кабыл алынган чечим фитосанитардык коопсуздуктун деңгээлин төмөндөтпөйт. Эл аралык маркировка жыгачтан жасалган таңгактоочу же бекитүүчү материал белгиленген фитосанитардык иштетүүдөн эл аралык талаптарга ылайык өткөндүгүн күбөлөндүрөт.
Кабыл алынган чечим ашыкча административдик жол-жоболорду кыскартуу жана ЕАЭБдин алкагында өз ара соода жүргүзүү үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү багытындагы дагы бир кадам болуп саналат.
- ЕАЭБде жаңы помидордун, калемпирдин жана баклажандын мөмөлөрүндө пепино вирусунун болбошу жөнүндө талап жокко чыгарылыптыр. Бул боюнча да айта кетсеңиз?
- Ооба, бул дагы жакшы жаңылыктардын бири деп айтсак болот. Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы жана муздатылган помидордун, калемпирдин жана баклажандын мөмөлөрүндө пепино мозаикасынын вирусунун (Pepino mosaic virus, PepMV) болбошу жөнүндө талап алып салынды.
Талаптарды өзгөртүү зарылдыгы аталган вирустун кеңири таралышына байланыштуу келип чыккан. Оорунун тышкы белгилери байкалбаган учурларда да вирустун түздөн-түз мөмөлөрдүн өзүнөн аныкталышы кошумча лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылат. Бул тышкы соода ишмердигинин катышуучуларына жана фитосанитардык кызматтарга кошумча административдик жана лабораториялык жүк жаратат.
Муну менен бирге кабыл алынган өзгөртүүлөр сезгич өсүмдүктөрдүн үрөндүк жана отургузуучу материалдарына карата фитосанитардык контролду жокко чыгарууну карабайт. Үрөндүк жана отургузуучу материалда PepMV вирусунун болбошу боюнча атайын карантиндик фитосанитардык талаптар сакталат, бул фитосанитардык коопсуздуктун зарыл деңгээлин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
- Бул кыргыз ишкерлери үчүн кандай мааниге ээ?
Кыргыз Республикасы үчүн кабыл алынган чечим жаңы жашылча продукциялары менен тышкы сооданы өнүктүрүү жаатында практикалык мааниге ээ. Мөмөлөргө карата талаптын жокко чыгарылышы аларды ЕАЭБдин алкагында ташып өтүүнү жана экспорттук операцияларды жөнөкөйлөтүүгө, тышкы соода ишмердигинин катышуучуларынын административдик жана лабораториялык чыгымдарын кыскартууга, ошондой эле фитосанитардык кызматтардын жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет.
Ошентип, ЕЭК Кеңешинин чечими вирус таралышынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен фитосанитардык талаптарды оптималдаштырууга, ошол эле учурда үрөндүк жана отургузуучу материалдарга карата зарыл болгон контролду сактоого багытталган.

