Бүгүн, 15-сентябрда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде болуп, жаңы окуу жылын баштаган студенттерди Билим күнү менен куттуктады.
Өз сөзүндө министрдин орун басары студенттик мезгил билим алуу, кесиптик багытты аныктоо жана келечекке бекем пайдубал түптөө үчүн маанилүү этап экенин белгиледи.
«Айыл чарбасы — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда жана экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү тармак. Сиздердин алган билимиңиздер жана кесиптик даярдыгыңыздар бул тармактын келечеги үчүн чоң мааниге ээ», — деди Рысгүл Акимжанова.
Ал студенттерге окууда ийгилик, жаңы жетишкендиктерди жана тандаган кесиби боюнча мыкты адис болууну каалады.
Министрлик агрардык тармак үчүн заманбап жана квалификациялуу кадрларды даярдоо, жаш адистердин кесиптик өнүгүүсүн колдоо багытындагы иштерди улантат.

