Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова KOICAнын Кыргызстандагы директору Лим Соён жана анын командасы менен жолугушту.
Жолугушууда 2024–2027-жылдарга каралган түшүм жыйналгандан кийинки башкаруу системасын өнүктүрүү жана айыл чарба продукциясынын кошумча нарк чынжырын чыңдоо долбоорунун жүрүшү талкууланды.
Долбоордун алкагында 160 дыйкан окутулуп, 20 эксперт даярдалууда. Ошондой эле соода-логистикалык борбор куруу үчүн жер тилкеси аныкталып, курулуш иштерин баштоо пландалууда.
Тараптар продукцияны сактоо, кайра иштетүү, таңгактоо жана логистиканы өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты улантууга макулдашты.

