Башкы прокурордун биринчи орун басары дайындалды


Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматына Ахматов Чыңгыз Аширбекович дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. 45 жаштагы Чыңгыз Ахматов прокуратура органдарында 2004-жылдан бери иштеп келет.

Башкы прокурордун биринчи орун басарлыгын буга чейин Малик Бектурганов ээлеп келген.