Аскер прокуратурасы МЧСтин мурдагы министри Бообек Ажикеевди кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Кармалууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдары тарабынан «Байтик» метеостанциясынын аймагында кызматтык-турмуштук имаратты куруудагы бир катар мыйзам бузуулар себеп болгон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган объект долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтери жок эле, Ала-Арча дарыясынан 5 метр аралыкта — курулуш жүргүзүүгө катуу тыюу салынган суу коргоо зонасында салынганы аныкталган.
«ӨКМдин жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.
Экс-министр Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Эскерте кетсек, Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри кызматын 2021-жылдын 13-октябрынан 2026-жылдын 16-февралына чейин ээлеп келген.

