19-сентябрга карата аба ырайы


Бүгүн Чүй, Ош, Жалал-Абад жергесинин тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун айрым, Нарындын көпчүлүк жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +28…+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29…+34, Таласта +25…+30, Ысык-Көлдө +22…+27, Нарында +23…+28 градуска чыгат.
Ордо калаа Бишкекте күндүн табы +29…+31, ал эми Ош шаарында +31…+33 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.