Кыргызстанда 2026–2031-жылдарга студенттердин региондор аралык мобилдүүлүк программасын ишке киргизүү сунушталууда. Катышуучуларга 10 ай бою ай сайын 2,5 миң сом стипендия жана жылына төрт ички авиакаттам үчүн 18 миң сом бөлүү каралган.
Биринчи жылы программа 4 миң студентке эсептелип, стипендия менен авиакаттамдарга 172 млн сом талап кылынат. Ошондой эле 2031-жылга чейин 24 720 орундуу жатаканаларды куруу жана реконструкциялоо сунушталууда. Бул иштердин болжолдуу баасы — 25,6 млрд сом.

