2026-жылдын июль айында Кыргызстанга 279,5 млн доллар акча которулганын Улуттук банк билдирди. Каражаттын негизги бөлүгү КМШ өлкөлөрүнөн — 262,1 млн доллар түшкөн.
• Орусиядан — 253,9 млн доллар
• Казакстандан — 5,5 млн доллар
• АКШдан — 12,1 млн доллар
• Түркиядан — 0,9 млн доллар
Кыргызстандан чет өлкөлөргө бир айда 24,4 млн доллар которулган. Анын 21,6 млн доллары Орусияга жөнөтүлгөн.

