Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Ханчжоу шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында ал Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян жана бир катар компаниялар менен уюмдардын жетекчилери менен жолугат. Касымалиев Ханчжоуда өтө турган 5-Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө да катышат.

