Садыр Жапаров: Кыргызстан санкциялык талаптарды сактаган мамлекет


Президент Садыр Жапаров АКШнын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушууда Кыргызстандын экономикасынын өсүшү Россия менен Украинанын ортосундагы согушка байланыштуу товарларды кайра экспорттоонун эсебинен болуп жатат деген пикирге жооп берди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Россияга товарларды мурда да сатып келгенин жана Кытайдан импорттолгон товарларды экспорттоо мурда эле жүргүзүлүп келгенин белгиледи.

“The New York Timesтан өткөндө окуп калдым. Кыргызстандын экономикасынын көтөрүлгөнүн абдан жакшы жазыптыр. Бирок “Орусия менен Украинанын согушуна байланыштуу Кыргызстан Кытайдын жана Европанын товарын Орусияга ташып, ошондон улам экономикасы көтөрүлүп жатат. Болбосо көтөрүлбөйт эле” деп жазыптыр. The New York Times муну туура эмес жазган. Биз Орусияга мурдатан эле товар сатып келебиз. Кытайдан да товар экспорт кылабыз. Бирок согуш товарларын эмес. Санкцияга кирген бир дагы товарды, бир дагы документти же курал-жаракты биз Россияга жиберген жокпуз. Биз санкцияларды жана Бириккен Улуттар Уюмунун талаптарын сыйлаган мамлекетпиз», — деди Садыр Жапаров.

Президент бул маселеге БУУнун Башкы ассамблеясындагы эртеңки сөзүндө да токтоло турганын билдирди.