Алишер Эрбаев: «Кустуризациядан» былтыр 102 млрд сом түшкөн


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев Кыргызстанда 2025-жылы коомчулукта “кустуризация” деген аталыш менен айтылып келаткан коррупцияга каршы күрөштөн бюджетке 102 млрд сом түшкөнүн билдирди.

Бул тууралуу ал 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында парламенттин депутаты Медина Кайрылбекованын суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Сиз айткандай “кустуризация” дейбизби же башка козголгон кылмыш иштеринин негизинде акчалай жана андан сырткары кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн баары мамлекетке кайтарылган. Алар соттун чечими менен кайтарылган. Улуттук коопсуздук кызматы өзү экпертиза жүргүзүп же баалоо жүргүзө албайт. Аны мамлекет же жеке ишканалар баалап, эсептелгенден кийин мамлекетке алынган. Калган бардык мүлк соттун чечиминин негизинде мамлекет өткөрүлүп берилген. Акчалай каражаты боюнча айта турган болсом, былтыркы жылдын эсебинен Улуттук коопсуздук кызматы козгогон иштердин негизинде 102 млрд сом бюджетке түшкөн”, — деди ал.