Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун күнүн бекитти. Өлкө башчысы 2027-жылдын 27-январында тандалмай болду.
Жуманын шаршембисине туш келген бул күн жаңы талап боюнча дем алыш деп жарыяланган. Процедура боюнча парламент шайлоонун күнүн бекитип бериши керек болчу. Буга чейин маселени тармактык комитет карап келген.

