Asman Airlines 2-октябрда борт коштоочу жана жердеги кызматтардын кызматкери болууну каалагандар үчүн алгачкы ачык тандоо күнүн өткөрөт. Иш-чара Бишкекте саат 09:00дөн 18:00гө чейин өтөт.
Катышуучулар бир күндө каттоодон, тестирлөөдөн, практикалык тапшырмадан жана маектешүүдөн өтө алышат. Алдын ала career.asman.app сайты аркылуу арыз берүү керек. Арыз каралгандан кийин авиакомпаниянын өкүлдөрү талапкерлер менен байланышат.

