Долбоор манасчы Саякбай Каралаевдин вариантынын негизинде даярдалууда. Аны журналист Шайырбек Абдрахманов ишке ашырып жатат, Маданият министрлиги долбоорго 3 млн сом бөлгөн.
Аудиокитептин биринчи бөлүгү 23-сентябрда жарыяланып, Абдрахмановдун YouTube-каналына жайгаштырылды. Калган бөлүктөр этап-этабы менен чыгат. Долбоор Саякбай Каралаевдин вариантын жайылтып, эпосту угуучуларга жеткирүүгө багытталган.

