Президенттик шайлоонун болжолдуу бюджети айтылды


Президенттик шайлоону өткөрүү үчүн алдын ала бюджет 1 млрд 200 млн сомду түзөт. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров  билдирди.

Анын айтымында бюджет эртең бекитилет, бирок алдын ала эсеп боюнча, экинчи турду эске алуу менен шайлоонун бюджети — 1 млрд 200 млн сом.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш кезектеги президенттик шайлоонун күнүн 2027-жылдын 27-январы деп дайындады.