Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мектеп окуу китептерине байланышкан маселени текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, ата-энелер китептердин оордугуна, боектун кескин жытына, басманын сапатына жана мазмунуна нааразы болуп жатышат.
Талиева окуу китептеринин жетишсиздигин да көтөрүп, «Окуу китеби» мекемесинин ишин жана мектеп адабияттарына бөлүнгөн каражаттын пайдаланылышын текшерүүгө чакырды. ЖК төрагасы Марлен Маматалиев комиссия түзүлөрүн билдирди.

