Бүгүн күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Ысык-Көл, Нарын региондорунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22…+27, Талас менен Ысык-Көлдө +17…+22, Нарын чөлкөмүндө +16..+21 градус болот.
Бишкекти ала булут каптап турат. Борбор калаада +24…+26, Ошто +25…+27 градус жылуу болот.

