«Бишкек Аренанын» ачылышына 500 VIP-билет ойнотулуп жатат


Билеттерди утуп алуу үчүн стадиондун расмий инстаграм баракчасына киришиңиз керек
@bishkekarenaofficial.

Оюндун шарты боюнча катышуучулар @bishkekarenaofficial, @ud.gov.kg, @b.a.day.fest жана @gov.ticket баракчаларына катталып, конкурстук посттун алдына Бишкек Аренадан келечекте кандай иш-чараларды көргүсү келерин жазышы зарыл.

Эң көп лайк топтогон 166 комментарийдин автору 3төн VIP-билет алат. Жыйынтык 29-сентябрда чыгарылат.

Баса, бул билет ойнотуунун биринчи этабы. Президенттин иш башкармалыгы конкурстун кийинки этаптары 3-октябрга чейин уланарын билдирди.