Сулайман-Тоодон түшө албай калган россиялык жаран куткарылды


Ош шаарындагы Сулайман-Тоодон өз алдынча түшө албай калган Россиянын 1994-жылы туулган жараны куткарылды.

ӨКМдин маалыматына ылайык, окуя 9-октябрда болуп, жерине төрт куткаруучу жөнөтүлгөн.

Алар жаранды атайын шаймандардын жардамы менен аман-эсен коопсуз жайга түшүрүшкөн.