Сосновка жана Арал постторунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди


Бишкек — Ош унаа жолундагы Сосновка жана Арал постторунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, Сосновка постундагы чектөө кечээ, саат 22:00дон тарта, ал эми Арал постунда саат 21:40тан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

Азыркы тапта Бишкек-Ош унаа жолунда (Ала-Бел, Төө-Ашуу ашууларында) бороон болуп, тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат. Жеңил унааларга жол ачык, каттам бар.

Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан өлкөнүн ашуулары жана жолдорунда кышкы тейлөө иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.