Мамлекеттик кызматкердин милдети – өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн берилгендик менен кызмат кылуу. Бул эрежени бардык адам билгени менен КРнын Экономика министринин орун басары Гүлшат Асылбаевага тааныш эмес өңдөнөт.
Гүлшат Кадыровна көшөгө артында мыкты иштеп жатат, кантип десеңиз, бүтүндөй өлкөнүн экономикасынын эң маанилүү ишенип берилген тармагынын кызыкчылыгы үчүн эмес, жеке баюу үчүн, Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсебинен өзүнүн жеке кызыкчылыктарын билгичтик менен каалагандай калчап жатат. Мындай ишмердүүлүк жөнөкөй сөз менен айтканда “саясий коррупция” деп аталат. Асылбаева жеке финансылык кызыкчылыктары үчүн өзүнүн кызматын кыянаттык менен пайдаланып, өз баласын да, парламенттин көзөмөлүндөгү депутаттарын да өзүнүн схемаларына кошуп, ич ара тон бычып жатышат. Ал ортодо анын аракеттери миллиондогон кыргызстандыктарга таасир этиши мүмкүн. Тиешелүү компетенттүү органдар бул рангдагы мамлекеттик кызматкердин аракеттерине иликтөө жүргүзүп, юридикалык баа бериши керек.
Асылбаеванын «Биринчи кредиттик бюро» ишканасынын алешемдиги
2024-жылдын 12-декабрында «Биринчи кредиттик бюро» ЖЧКсы Юстиция министрлигинде кайра каттоодон өткөн. Бул ЖЧКнын тең негиздөөчүсү жана директору Гүлшат Асылбаеванын уулу Асылбаев Улан Мирбекович болуп саналат. Ишкананын ишинин түрү “төлөм алуу агенттиктеринин жана насыялык отчеттуулук бюролорунун ишмердүүлүгү” деп белгиленген.
КРнын Мыйзамындагы пайдалуу өзгөртүүлөр
Бир жарым ай өткөндөн кийин, 2025-жылдын 31-январында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына маалыматка жетүү чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы республикалык «Эркин Тоо» гезитине жарыяланып, анда ушул мыйзамдын 7-беренеси менен «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген.
Жогорудагы мыйзамдын 21-беренесинин 3-бөлүгү 5-пункт менен толукталып, анда финансылык уюмдар “ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар жана Кредиттик бюролордун мамлекеттик реестрине киргизилген бардык кредиттик бюролордон кредиттик маалыматты талап кылууга милдеттүү” деп жазылган.
Эми азыркы мыйзамга ылайык, бардык каржы уюмдары (банктар, МККлар, лизингдик компаниялар ж.б.) кредиттик маалыматын лицензиясы бар үч кредиттик бюрого тең берүүгө милдеттүү (Асылбаеванын уулу ЖЧК пайда болгонго чейин эки кредиттик бюро болгон). Башкача айтканда, бардык кредиттик бюролор кредиттер, кредиттик тарыхтар ж.б. жөнүндө бирдей(!) маалыматты камтууга тийиш.
Ошол эле учурда бирдей маалыматка ээ болгон үч кредиттик бюрого маалыматтарды милдеттүү түрдө талап кылуу эч кандай экономикалык мааниге ээ эмес, жөн гана бул кредиттик бюролордун ээлерин байытууну билдирет.
Эрежелерге каршымын, жеке кызыкчылык болсо — бармын!
Бул жердеги эң маанилүү этап – милдеттүү түрдө банк жана финансылык сектордун кызматкерлери менен атайын талкуу жүргүзүлүш керек эле, тилекке каршы андай болгон эмес, албетте, мындай ишти мыйзам да колдобойт. Экономиканын маанилүү секторлорунун кийинки тагдыры чечилип жатканда, ага сөзсүз анализ жүргүзүлүп, коомдук талкууга салыныш керек болчу, бирок бул кадамдардын баары аткарылган жок.
Регламентке ылайык, биринчи окуудан кийин толуктоолорду киргизүүгө жана мыйзам долбоорунун маңызын түп-тамырынан бери өзгөртүүгө болбойт. Таң калыштуусу, колдонуучулардын кредиттик маалыматты бардык насыя берган банктардан талап кылууга милдеттендирген өзгөртүүлөр экинчи окууда Гүлшат Асылбаеванын тарапташ депутаттары тарабынан өзгөртүлгөн, а негизи мындай процессти коомдук талкууга салуу керек экенин мыйзам тастыктайт.
Банктар жана МККлар мыйзам боюнча кредиттик бюролорго бардык кредиттик маалыматтарды тапшырууга жана насыяларды берүүдөн мурда бул маалыматты талап кылууга милдеттүү, бирок бул кызмат үчүн төлөө түйшүгү насыя алуу үчүн кайрадан эле кайрылган кардарларга жүктөлөт. Мындай учурда жеке маалыматтардын купуялуулугун бузуу коркунучу кескин өсөт.
Бирок Гүлшат Асылбаева үчүн эң биринчи анын кызыкчылыктары бийик болуп саналат, насыя алам деген ар бир кардардан акча чогултуу баарынан жогору турат, мейли бул жерде мыйзам тебеленип жатса дагы… А мыйзамды урматтабаган адам, кардарын сыйламак беле..?
Эмнеге азыркы учурда схема орой түрдө бузулуп жатат?
Себеби, Асылбаева жакында пенсияга чыга турган куракка жетет, а кызмат орунду сактап калыш үчүн ажонун атайын тапшырмасы керек эмеспи, ошол себептен Асылбаева азыр өзүнүн кийинки камын көрүп, тез арада “майнаптуу иштерин” ишке ашырыш керек болуп жатпайбы…
Кимдер жабыркайт?
Кредиттик маалыматтар, насыя тарыхы ж.б. — мыйзам боюнча бардык кредиттик уюмдар банктарга, микрокредиттик жана лизингдик компанияларга суроо-талап кылууга милдеттүү. Кредиттик маалымкаттарды көбүнчө азыркы тапта аз суммадагы займ үчүн да сураса болот, ал үчүн мыйзамда эч кандай айырмачылык жок.
Эң алгач эле ири суммада болобу же аз каражат болобу, айтор бардык насыя алуучулар жабыркайт.
Маалымат алуу үчүн бардык кредиттик бюролорго кайрылуу (азыркы учурда Асылбаева менен аффилирленген 3 кредиттик бюро катталган) – бардык насыя колдонуучулар үчүн кызматты негизсиз жогору кылат, анткени бир эле маалымат үчүн колдонуучулар бардык жеткиликтүү бюролор менен байланышып, бул кызмат үчүн бардыгына каражат төлөшү керек.
Мына ушундай терс көрүнүштөр, нааразы болгон колдонуучулар менен бардык банктар жана МККлар туш болушат, себеби түшүнүксүз жагдайлар үчүн төлөмдөрдү ким төлөгүсү келсин? Эмне үчүн бар маалымат үчүн керексиз каражат коротулуш керек?
Бүгүнкү күндө мамлекеттин өнүгүү багытын эске алганда, мындай кыянаттык кылып, өз кызыкчылыгын гана ойлоп, өлкөнүн өнүгүшүнө бут тоскон кызматкерлер бийлик бутагында турбашы керек. Көшөгө артында бүдөмүк интригалары менен мамлекеттин капчыгына кол салгандарга орун жок!
Булак: «ЛайфНьюс.кж