Жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды


Жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу «Элден собол» берүүсүндө “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын 2-автобазасынын башкы инженери Бакыт Табалдиев билдирди.

Анын айтымында, коомдук транспорттун 244 айдоочусу күнөөлүү деп аныкталган.

272 жол кырсыгында автобустун айдоочусу эмес, экинчи тарап күнөөлүү болуп чыккан.