Кыргызстандык гимнасткалар эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту


Кыргызстандык спортчулар көркөм гимнастика боюнча эл аралык мелдеште байгелүү орундарды ээлешти. Ага Сербия, Хорватия, Болгария жана Италиянын гимнасткалары да катышты. Аяна Абдрахманова 38 катышуучунун арасынан алкак менен көнүгүү жасоодо экинчи орунду алып, Ада Шкурко менен бирге Bigser 2 командасынын курамында коло медалга ээ болду.

2016-жылы туулган спортчулар арасында Дамелия Апасова күмүш, ал эми 2017–2018-жылы туулган гимнасткалар арасында Раяна Абдылдаева коло байге жеңди. Дагы алты кыргызстандык спортчу өз топторунда мыкты ондукка кирди. Команданы машыктыруучу Агата Быковская жана анын жардамчысы Айдай Амангельдиева даярдашты.