Бишкек шаарындагы “Жаштык Арена” стадионунда “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форуму өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.
Анда белгиленгендей, форумда жаштардын өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы, билим алуусу, жумуш менен камсыз болушу жана демилгелерин колдоо маселелери талкууланды.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жана ар түрдүү тармактардын өкүлдөрү, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштар катышты.
Иш-чаранын алкагында “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар сурамжылоосунун жыйынтыктары талкууланып, билим берүү, жумуш менен камсыз кылуу, ишкердикти өнүктүрүү жана жаштардын долбоорлорун колдоо боюнча пикирлер айтылды. Ошондой эле ачык баарлашуулар, интерактивдүү аянтчалар жана долбоорлордун бет ачарлары уюштурулду.
Мындан тышкары, бир катар жарандарга “Жаштар саясатынын отличниги” төш белгиси тапшырылды.
Форумдун алкагында 12 жогорку окуу жайдын командалары катышкан чыгармачылык сынак да өттү. Анын жыйынтыгында биринчи орунду Кыргыз экономикалык университети, экинчи орунду Кыргыз-Түрк “Манас” университети, үчүнчү орунду Бишкек мамлекеттик университети ээледи.

