5-ноябрда Манас шаарынын 149 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Ал шаар тургундарын куттуктап, инфраструктуранын өнүгүшү аймак үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи.
Майрамга карата Жалал-Абад облусунда 18 социалдык жана өнөр жай объектиси пайдаланууга берилди. Алардын арасында турак жай комплекстери, мектептер, университеттин жаңы корпусу жана завод бар. Учурда Манас шаарында 5320 батирлүү турак үйлөр, беш мектеп, эки бала бакча, спорт сарайы, музей жана эл аралык аэропорт курулууда.

