Таласта жол кырсыгынан 5 адам каза болду


Талас районунда 5-ноябрда үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, беш адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Жерге-Тал – Калба жолунда жогорку ылдамдыкта бара жатып, рулга ээ боло албай, каршы тилкеге чыккан. Натыйжада каршы багытта келе жаткан Honda Accord унаасы жолдон чыгып, даракты сүзгөн. Андан соң Kia Soul жана Honda Civic унаалары менен кагылышуу болгон.

Окуя болгон жерди кароо учурунда Toyota Camry унаасынын ылдамдык өлчөгүчү саатына 160 чакырымды көрсөткөн абалда токтоп калганы аныкталган.

Ошондой эле аталган унаанын айдоочусу мурда айдоочулук укугунан ажыратылганы белгилүү болгон. Ага карата мурда көрүлгөн чаралардын мыйзамдуулугу боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.

Учурда кырсыктын себептерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.