ИИМ эскертет! Жарандарды алдамчылыктан сак болууга чакырабыз!


Ички иштер министрлиги жарандарды алдамчылык аракеттеринен коргоо жана алардын жеке каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Акыркы мезгилде алдамчылар жарандардын ишенимине кирүү үчүн түрдүү ыкмаларды колдонуп келишет. Алардын кеңири тараган түрлөрүнө токтолобуз.

Биринчиси-телефон аркылуу алдамчылык. Белгисиз адамдар өздөрүн укук коргоо органдарынын же банк кызматкерлери катары тааныштырып, банк картасынын маалыматтарын, SMS-коддорду же сыр сөздөрдү сурайт. Эсиңизде болсун, мындай маалыматтарды эч кимге бербеңиз.

Экинчиси- интернет-алдамчылык. Социалдык тармактар аркылуу арзан товарларды, оңой кирешени же чоң утуштарды сунуштап, алдын ала акча которууну талап кылган учурлар кездешет. Мындай сунуштарга ишенип, акча которуудан мурда маалыматты кылдат текшериңиз.

Үчүнчүсү-каржы пирамидалары. Кыска убакытта жогорку киреше табууну, салган акчаңызды бир нече эселеп көбөйтүп берүүнү убада кылган сунуштардан этият болуңуз. Мындай схемаларга катышуу акча каражаттарынан ажырап калуу коркунучун жаратат.

Төртүнчүсү-жасалма аккаунттар аркылуу алдамчылык. Алдамчылар белгилүү инсандардын же тааныштарыңыздын сүрөттөрүн жана ысымдарын колдонуп, социалдык тармактар же мессенджерлер аркылуу акча сураган билдирүүлөрдү жөнөтүшү мүмкүн. Мындай учурда акча которууга шашылбаңыз. Алгач ошол адам менен түз байланышып, маалыматтын аныктыгын тактаңыз.

Урматтуу жарандар! Банк картаңыздын маалыматтарын, SMS-коддорду жана сыр сөздөрдү эч кимге бербеңиз. Белгисиз адамдар жөнөткөн шектүү шилтемелерге кирбеңиз. Ар кандай сунуштарды кылдат текшерип, шашылыш чечим кабыл алуудан алыс болуңуз. Эгерде алдамчылыкка туш болсоңуз же шектүү аракеттерди байкасаңыз, дароо ички иштер органдарына 102 кыска номуру аркылуу кайрылыңыз.