Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара бүгүн кайра ачылат


Бүгүн, 13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы ачыла турганын Баткен облусунун бийлигинен тастыкташты.
Лейлек районундагы «Кайрагач» жана Баткен районундагы «Кызыл-Бел» чек ара (көзөмөл) өткөрүү жайынын расмий ачылышы бүгүн болору айтылды. Ага президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон аралыктан катышмакчы.
Эске салсак, мамлекеттердин чек арасы 2021-жылы майда болгон биринчи кандуу кагылыштан кийин жабылган.
Рахмон 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.  Мамлекеттик сапардын алкагында бүгүн мамлекет башчылар өз ара кызыкчылык жараткан маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат. Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.