«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи дайындалды


Министрлер кабинетинин буйругу менен Талант Султанов «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.

Бүгүн, 12-мартта КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын жамаатына жаңы жетекчини тааныштырышты.

Эске сала кетсек, мурдагы жетекчи Сүйүнбай Алиев кызматынан бошотулган. «Президент аны бир сааттын ичинде кызматтан алуу боюнча буйрук берген, ал аткарылды», — деген Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев.

Мамлекеттик ишкана 2023-жылдын март айында калктын дары-дармек менен камсыз болушун жакшыртуу максатында түзүлгөн. Бирок «Кыргызфармация» ооруканаларга дары-дармектерди өз убагында жеткирүүгө үлгүрбөй жатат.

Ачык булактан алынган маалыматтарга караганда, 1978-жылы туулган Талант Султанов Гарвард университетинин кесиптик билим берүү программасынын бүтүрүүчүсү (2016), Колумбия университетинин финансы магистри (2006) жана Сан-Франциско университетинин бакалавр дипломуна ээ болгон (1999).

Буга чейин ал Кыргызстандын өкмөтүндө премьер-министрдин кеңешчиси, «Таза Коом» санариптик трансформация улуттук программасынын координатору жана Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп иштеген.