«Ынтымак Ордодо” Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмондун катышуусунда жыйын өтүүдө


“Ынтымак Ордодо” Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин жана мамлекеттик кызматкерлеринин катышуусунда кеңейтилген жыйын өтүүдө.

Жыйынды президент Садыр Жапаров ачып, өз сөзүндө Тажикстан менен достук жана ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналарын белгиледи.

“Биздин өлкөлөрдү байыркы тарых, жалпы салт жана маданият байланыштырып турат. Биздин маанилүү аймактык жана эл аралык маселелер боюнча позициябыз окшош, бул өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн негиз түзөт”, — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчысы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жөнүндө келишимге кол коюу тарыхый окуя болорун, аны эки өлкөнүн эли гана эмес, эл аралык коомчулук да кубаттап кабыл аларын кошумчалады.

“Бул кадам биздин мамлекеттердин гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия регионунун коопсуздугун, туруктуулугун жана өнүгүүсүн чыңдоого олуттуу салым кошот”,- деди ал.

Өз кезегинде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эки өлкө ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси биротоло чечилгендиктен бүгүнкү күн тарыхый күн экенин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кечээ, 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. “Манас” эл аралык аэропортунда Тажикстандын президентин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алган.

Тажикстандын президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.