Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында белгисиз адам өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңги затын жашырып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгына катталып,Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282- беренесинин (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жана атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал 1998-жылы туулган М.Б болуп чыкты. Шектүү телеграм-канал аркылуу куратор делген адамдан буйрутма алып, жумушу Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча «записка» жүргүзүүдөн турган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Аламүдүн районунун аймагында баңги затын көмүп аткан жеринен М.Б кармалып, анын жанынан 4 таңгак баңги заты (Альфа ПВП) табылган. Ошондой эле жашаган жеринен 15 таңгак синтетикалык баңги заты алынган. Мындан тышкары, М.Б. 6 даана синтетикалык баңги затынын пакеттерин Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында мурда көмгөн жерлерин көрсөткөн.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган заттар жалпы салмагы 645 грамм 930 миллиграммды түзгөн «Альфа ПВП» синтетикалык баңги заты экендиги аныкталган.
2025-жылдын 14-февралында шектүү КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштери уланууда.