Суу чарба жана энергетикалык объектилерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуу;
Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
Айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
Жер титирөөгө туруктуулукту камсыз кылуу, энергоэффективдүү жана жашыл технологияларды өнүктүрүү жана шаар куруу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
Өнөр жай жана жаңы технологиялар жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
2025-2027-жылдарга жаштар саясаты чөйрөсүндө кызматташуу программасы;
2025-2027-жылдарга дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кызматташуу программасы;
Боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуу;
2025-2027-жылдарга Ош облусунун Чоң-Алай району менен Лахш районунун ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий чөйрөлөрдө кызматташуунун программасы;
2025-2030-жылдарга Ош облусу менен Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун ортосундагы соода-экономикалык жана маданий чөйрөдө кызматташуу программасы;
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ташылуучу товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалыматтар менен алмашууну уюштуруу тууралуу протокол;
Терроризмди каржылоого, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө көзөмөл жаатында кызматташуу жана маалымат алмашуу жөнүндө меморандум;
«Кыргыз экспорт» мамлекеттик мекемеси менен Тажикстандын Экспорт боюнча агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.

