Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.
Маалыматка караганда, 5-мартта 8 жаштагы кыз Магура шаарындагы эжесинин үйүндө түнөгөн. Соттун материалдарына ылайык, кыз ошол түндөн таң атканча зордукталган. Кылмышка шектүү катары кыздын улуу эжесинин 18 жаштагы күйөөсү, анын ата-энеси жана агасы каралып жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө бардыгы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кыз штаттын мамлекеттин борбору болгон Даккага жеткирилген жана 8-мартта ооруканага жаткырылган. Алты күн ичинде кыздын абалы оор бойдон калган. 13-мартта кыз көз жумган.
Кыздын өлүмүн уккан жергиликтүү тургундар кылмыш болгон үйгө барып, үйдү өрттөп салышкан. Ошондой эле чогулгандар кыздын сөөгү алып келинген жерге чейин барып, нааразычылык акциясын уюштурушкан.
Маалым болгондой, кызды акыркы сапарга узатуу зыйнаты жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:30да болгон. Миңдеген адамдар шаардын башкы аянтына чогулуп, жаназа намазын окуп, жерге беришкен.

