Эркекке да бак жазбаса жаман экен…
Мен да убагында кызуу кандуу жаш жигит болуп, ойду омкоруп, тоону томкоруп салам деп жүрчүмүн. Ишим алдыга жүрүп, итим чөп жеп, бизнесим алдыга жылып жатты. Бирок 35 жашка келгенге чейин үйлөнөм деген ой келбептир. Бир күнү досум Алтынбектин туулган күнүндө досумдун аялынын курбусу кошо келди. Аты да, заты да төп келишкен сулуу жан экен, Айжаркын деп коюлган атына да суктанып карап отурдум. Менин тиктеп турганымды байкаса да көрмөксөнгө салып койду. Ошол күндөн баштап ага жагынуу үчүн бардык аракетимди жумшадым, кызга берилчү белек-бечкегимди аябадым. Каражат жагынан да каралашып жаттым, бирок мага муздак эле мамиле кылып туруп алды. Бир жолу жолукканымда анын жүрөгүндө башка адам бар экенин айтты, шагым сынды, эмне кылаарымды билбей жүрдүм. Ошентип жүрсөм баягы Алтынбек досум “Нурбек, жүрү анда ала качып кетебиз” деди, бул ой мага аябай жакты, чыныгы сүйүү да никеден кийин башталат деген улуу сөзгө ишендим. Акыркы жолу жолугабыз демиш болуп Айжаркынды чакырып чыгып, достор менен ала качып кеттик. Көшөгөдөн да көгөрүп, кетем деп туруп алды. Бирок, кудай жалгап ата-энеси “отурсун” деген сөз айтышыптыр. Ошентип бизде үй бүлөлүк жашоо башталды.
Жаркылдап жүргөн Айжаркын мага тийгенден кийин такыр эле соолуп калган гүлгө айланып баратты, баягыдай эле колумдан келген белегимди, гүлүмдү, кийим, шакек, кыскасы эч нерседен кем болгон жок. Бир күнү болбосо бир күнү көнүп кетет деп өзүмдү алдап жүрдүм, бирок майнап чыкпады. Жашаганыбызга 3 ай болсо да эч кандай жакындык жок, бир күнү мастыгым менен барып күчкө салып эле зомбулук көрсөтүп койдум. Эртеси ойгонсом, Айжаркын жанымда жок, сырттагы бакчада ыйлап отуруптур. “Мен сени менен жашагым келбейт, андан көрө ажырашалы, кое берчи” деди, эч нерсени ойлонбой туруп “макул” дедим, өзүмдөн чыккан сөзгө өзүм ишенбей турдум. Кийим-кечесин жыйнап, үйүнө жеткирип койдум. Ошондон баштап баягы жүрүп жаткан иштерим токтоп, тапкан акчамдын баарын ичкилик менен кыз-келиндерге жумшай баштадым. Атам менен энемдин айтканын укпай, каалаганымды кылып жашап калдым. Көрсө, мен кыйынмын деген эркектерди деле алсыз аял сындырып, тепселеп коет экен.
Арадан 2 ай өткөндө кайненем чалды “Айжаркынды алып кет, кош бойлуу экен, бала төрөлсө жашооңор өзгөрүлөт” деди. Ошол күнү сүйүктүү аялымдан балалуу болорумду түшүнгөндө түнүм күнгө айланып, жашоом кайра жаркый түштү. Энемдерди ээрчитип алып бардык, эки жак сүйлөшүп жатышты, а мен Айжаркындан көзүмдү албай карап отурдум, мурдагыдан да жүдөө тартып, арыктап кетиптир. Бирок сулуулугун эч нерсе буза албайт болчу, мен аны кандай болсо ошол боюнча сүйдүм.
Үйгө келдик, апамдарды таштап коюп, Айжаркынды алып, шаардын четиндеги эс алуучу жайга кеттим, ал менден эч нерсе сураган да жок, эмне болсо ошол болсун деп калганыбы деп өзүмдү аябай күнөөлөп, жемелеп жаттым. Жетчү жерибизге жетип, тамактануучу жайдан кечирим сурадым, ага чейин баарын кооздоп, жасаттырып койгом. Менин кылып жаткан аракетимди көрүп, кечирим сураганыма ыраазы болдубу, иши кылып жылмайып карады. Чын дилинен күлүмсүрөгөнү үчүн бүт ааламды тартуу кылгым келип турду, ал жылмайса мен бактылуу болдум.
Ошентип күндөр уланып жатты, Айжаркындын убакыт сааты келип, мен кыялданганымдай кыз төрөп берди, Айжаркынымдай сулуу, көздөрү жоодураган, күлгөндө жүзүндө кичинекей уячасы бар экен, ошондо өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу ата сездим.
Жашоо уланып жатты, атам менен энем небересин жыттап жүргөнүнө 2 жыл болду, тойтоюп баарыбыздын жарпыбызды жазып турат.
Бирок, Айжаркын экөөбүздүн жашообуз түшүнүксүз болуп жатты, ал бир күнү кабак-башын чытып үңүрөйүп калат, кээде андан өткөн бактылуу адам жок. Бактылуу болгон күндөрү да мени жанына жолотпой жашап жатты, мен да ага көнүп калдым. Эркек болгондон кийин бизге да жылуулук, мээрим керек болот экен, мурда сүйлөшүп жүргөн Бермет менен күн алыс жолугуп коймой адат таптым.
Бир жолу түн ичинде үйгө кирип келсем Айжаркын бирөө менен кыткылыктап сүйлөшүп жатыптыр, өмүрүмдө биринчи жолу аялымдын кубанычтуу добушун уктум. Акырын байкатпай угуп турсам, телефон менен сүйлөшүп жатыптыр “эртең буйруса жолугабыз, кызыбызды да көрөсүң” дегенин угуп, нес болуп туруп калдым. Кызыбызды деди, ал менин кызым го, кандайча деген толтура суроолор мээмди жеп салды. Эч нерсе укпаган киши болуп, тескери карап жатып алдым. Оюма миң түрдүү ойлор келди, өзүмдү эптеп кармап турдум.
Эртеси байкатпай Айжаркынды аңдый баштадым, энемден суранып кызымды алып көчөгө чыгышты. Мурдагыдай эмес, жадырап жайнап, мен алып берген кооз көйнөгүн кийип таксиге отуруп жылып кетишти. Аркасынан түшүп алдым, шаардагы балдар ойногон сейил багына келишти, бирөөгө телефон чалды, ары жактан бир жигит тосуп алды. Мага жылмаюусун аяп жүргөн аялым башка эркектин жанында так секирип өбүшүп, кызымды кармата салып, кулпуруп басып баратты. А мен жалдыраган абалда туруп бердим, бир кезде жандарына бардым. Эч нерсе дебей эле тиги эркекти тумшукка бир чапкым келди, бирок колунда кызым турган. Ошондо Айжаркын “Аделина сенин кызың эмес, мен үйдөгүлөрдөн уялып сенин кызың деп койгом, мен мурдатан бери Саматты жакшы көрөм, бизди жайыбызга кой” десе болобу…
Ызырынып барып тумшук талаштыра бир чаптым, мунусунда эч ким көзүмө көрүнбөй калды, ыйлап аткан кызымды Айжаркынга кармата салып көчөдөн эле тигини сабап кирдим. Көчөдөгүлөр бизди бөлүштүргүчө милиция кызматкерлери да келип калышыптыр, мени кармап кетишти, 3 сутка ошол жакта жаттым. Толгон-токой ойлор менен күрөштүм, нааразы болдум, ызырындым, Айжаркынды тандаган жүрөгүмдү кесип алып салгым келди, колумдан эч нерсе келбеди.
Чыгарышты… Үйгө келсем Айжаркын баарын түшүндүрүп, эчак эле кетип калыптыр. Кызымды сагындым, меники эмес болсо дагы сагындым…
Ызамды басыш үчүн ичип кеттим, бирок жардам берген жок. Бермет мени алаксыткысы келет, ага көнбөйм, атам менен энем кичи умрага барып келишимди суранышты, ошол жолду тандайт окшойм.
Эркек болобу, аял болобу бакыт баарыбызга керек тура…
Убакыт дарылайт деп ишенем! Айжаркындын ата-энеси кечирим сурап, кызыбызды башка менен жашатпайбыз, сен кечире алсаң жаша дешти, а мен эми кечире албай турган абалга келдим. Ошентсе дагы боор тартып калган кызымды көрүп турууга уруксат алдым…
Автор: Асель Жаныбекова
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.

