Коом

Ата мекендик ишкерлерге бет кап экспорттоого уруксат берилди

Өкмөт ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге бет каптарды жана медициналык эмес респираторлорду экспорттоого уруксат берүү бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилди.

Ага ылайык, бул өзгөртүүлөр Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жүрүшүндөгү ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчыларынын макулдашуулары менен шартталган.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары биргелешкен билдирүү жасашып, анда товарлардын, анын ичинде социалдык жактан маанилүү өндүрүмдөрдүн, тамак-аш азыктарынын, медициналык жабдуулардын жана дары-дармектердин, медициналык жеке коргонуу каражаттардын эркин кыймылы принциптерин сактоо зарылдыгы белгиленди.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин Өкмөттөрүнө COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу жана аны жоюу боюнча координацияланган чараларды ишке ашыруу, пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, ички, анын ичинде азык-түлүк рыногунун туруктуу иштөөсүн камсыздоо, мамлекеттердин жарандарын, бизнести  колдоого алуу тапшырылды.

Түзөтүүлөргө ылайык, атамекендик ишкерлер 6307 90 980 0 ЕАЭБ ТЭИ БН коду аркылуу классификацияланган коргоочу маскаларды жана медициналык эмес багыттагы респираторлорду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин экспорттолгон товар медициналык максатта колдонулбагандыгы жана медициналык буюм катары саналбай тургандыгы тууралуу расмий күбөлүгүнүн жана товардын Кыргыз Республикасында өндүрүлгөндүгү тууралуу сертификатынын негизинде экспорттой алат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button