Коом

Комендант велосипед менен жүргөндөргө эскертүү берди

“Күн жылыган сайын көчөдө, парктарда жаш балдарды ата-энеси менен сейилдеп коляска жана велосипед менен жүргөндөр көбөйгөнү байкалууда. Ата-энелерге кайрылат элем, балдарга насаат айтып, өзгөчө абал жөнүндө түшүндүрүп колдон келишинче үйдө олтургула. Кимде-ким велосипед менен өзгөчө абалдын талаптарын аткарбай, санитардык норманы сактабай көчөдө жүрсө велосипед убактылуу тартылып алынат», — мындай билдирүүнү Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаалга карабай күн жылыганда көчөгө чыккандан көп байкалууда. Комендант ата- энелерге абалды балдарга туура түшүндүрүп үйдө отуруп турууну жарандарга эскертти.

Эгер шаарда велосипед менен парктарда жүргөндөр болсо , велосипеддери убактылуу тартылып алынат. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button